• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Чет элдиктердин Кыргызстанда жүрүүсүнө уруксат берүүдө жаңы эрежелер киргизилди

Коом 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда иштөөнү каалаган чет элдиктерге уруксат берүү боюнча жаңы эрежелер киргизилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 1-январынан тартып жаңы эрежелер боюнча уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жобосу “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашырылат. Бул иш-чара чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстандын аймагында жүрүүсүнө жана эмгек ишмердигин жүргүзүүсүнө уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштуруунун тартиби жөнүндө убактылуу жобонун бекитилиши менен байланыштуу.

Белгиленгендей, тиешелүү техникалык, программалык жана уюштуруу иш-чараларын өткөрүү үчүн Ework.e-gov.kg порталы ушул жылдын 25-декабрынан тартып квоталарды жана иштөөгө уруксат алуу үчүн документтерди кабыл алууну токтотот.

Министрлик чет өлкөлүк жумушчу күчүнүн талапкерлерин 25-декабрга чейин тиешелүү документтерди берүү же алуу жол-жоболорун аяктоого чакырат. Толук маалымат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин сайтына жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий