• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Чет өлкөдө билим алуу. Билим берүү министрлиги стипендиялар тууралуу маалымат жарыялады

Билим 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги чет өлкөдө окуу үчүн стипендиялар тууралуу маалымат жарыялады.

Ага ылайык, сиз ведомствонун сайтындагы "Стипендиялар" бөлүмүнөн ар кандай стипендиялык программалар жөнүндө маалыматтарды таба аласыз.

Ошондой эле чет өлкөгө тапшыруу боюнча актуалдуу программалар бул жерге жайгаштырылуу. Мында Кыргызстандын жарандары катталып, чет өлкөлүк окуу жайларга документтерди тапшыра алат.

Министрликтин сайтына жана социалдык тармактагы баракчаларына актуалдуу болгон эл аралык стипендиялар тынымсыз жайгаштырылып турат.

Убагында маалыматтар менен кабардар болуу үчүн министрликтин төмөндөгү социалдык тармактагы баракчаларына катталып алсаңыздар болот:

Пикир

Оставить комментарий