• 87
  • 90.41
  • 0.84

Чет өлкөлүк адистердин өлкөгө кирүүсүн макулдашуу маселеси боюнча маморгандардын өз ара иштешүү алгоритми бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. 2020-жылга карата эмгек миграциясына белгиленген квоталардын алкагында чет өлкөлүк адистердин Кыргыз Республикасына кирүүсүн макулдашуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара иштешүүсүнүн схемасы жана кадамдуу алгоритми бекитилди. Тиешелүү чечим Тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга жана экономикалык өнүктүрүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу боюнча республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Мында эки өңүт бар. Бир жагынан биз чет өлкөлүк адистердин келип, биз үчүн маанилүү иштерди башташына кызыкдарбыз. Экинчиден, өлкөгө вирустун кайрадан кирүүсүнө жол бербөөгө тийишпиз. Ошондуктан бул маселедеги мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин ар бир кадамын иштеп чыгуу орчундуу мааниге ээ», - деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Бүгүнкү күндө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан өнөр жай тармагында - 203, айыл чарба чөйрөсүндө - 3, жол куруу тармагында - 469 өтүнмө кабыл алынды. Чет элдик жарандар 2020-жылга карата эмгек миграциясына белгиленген квоталардын алкагында Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн виза ала турган тийиштүү документтерди топтоо жүрүүдө.

Чет өлкөлүк адистердин Кыргыз Республикасына кирүүсүн макулдашуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара иштешүүсүнүн схемасы жана электрондук виза алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси тиркелет.

Пикир

Оставить комментарий