• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Чет өлкөлүк лидерлер Кыргызстандын элин жана Жапаровду Нооруз майрамы менен куттукташты

Саясат 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Бир катар чет өлкөлүк лидерлер Кыргызстандын элин жана президент Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттукташты, деп билдирет президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин куттуктоосу: "Кыргызстандын салттуу Нооруз майрамына карата мага Кытай Өкмөтүнүн жана элинин атынан, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Кыргызстан элине майрамдык куттуктоолорду билдирүүгө уруксат этиңиз.

Өткөн жылдын май айында Сиз Кытайга мамлекеттик сапар менен ийгиликтүү келип кеттиңиз, биз мазмундуу жана жемиштүү жолугушуу өткөрдүк, жаңы доордо кытай-кыргыз мамилелерин ар тараптуу жана стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чейин жогорулатуу жөнүндө макулдашууга жетиштик, ынак коңшулук, достук жана биргелешкен гүлдөп-өнүгүү духунда Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жалпы тагдырлар шериктештигин биргелешип түзүү жөнүндө жарыяладык, бул эки өлкөнүн ар кандай тармактарда кызматташуусу үчүн жаңы тарыхый мүмкүнчүлүктү ачты.

Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасайм. Эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достукту чыңдоо, ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү жана эки өлкөнүн жана элдеринин жыргалчылыгы үчүн Кытай менен Кыргызстандын жалпы гүлдөп-өнүгүшүнө көмөктөшүү үчүн Сиз менен биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даярмын", - деп айтылат Кытай Эл Республикасынын төрагасынын куттуктоосунда.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жозеф Р. Байдендин куттуктоосу: “Урматтуу президент мырза! Америка Кошмо Штаттарынын элинин атынан Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине Нооруз майрамын белгилеген маалда эң жакшы каалоолорумду жолдойм.

Ушул жыл мезгилинде адам ойго батып, жаңылануу келип турган учурда Америка Кошмо Штаттары бул майрамды жана жаздын кирип келишин кыргыз эли менен бирге тосуп алганга кубанычта. Келе жаткан жылда мен сиздердин өлкөдө жана бүткүл чөлкөмдө бейпилдикти жана гүлдөп-өсүүнү мындан ары да алдыга жылдыруу үчүн биздин кызматташтыгыбызды жана өз ара иш-аракеттерибизди тереңдетүүнүн жаңы жолдорун табууну көздөйм. Нооруз майрамыңыз кут болсун!” - деп айтылат АКШнын президенти Жозеф Р. Байдендин куттуктоо телеграммасында.

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раисинин куттуктоосу: "Сейед Эбрахим Раиси Нооруз -бул байыркы салт гана эмес, тынчтыктын, ынтымактын жана жаңылануунун символу экенин, региондогу элдердин маданияты менен тарыхында бекем орун алгандыгын белгиледи.

“Жазгы күн менен түндүн теңелиши жана жаратылыштын гүлдөп, жердин кубулушу менен бардык адамдардын жүрөгүн жана рухун жакшы, жогорку сапаттар ээлеп, ал эми жаман жана ыплас нерселер адамдын жүрүм-турумунан жана иш-аракеттеринен жоголот, адамдардын жашоо шартында терең өзгөрүүлөр орун алып, ошондо биз коомдун өсүп-өнүгүшүнө күбө болобуз деп ишенем”, - деп айтылат Иран Ислам Республикасынын президентинин куттуктоосунда.

Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүү жана бакыт каалады.

Сауд Арабия Падышалыгынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун куттуктоосу: "“Нооруз майрамына карата, Улуу урматтуу Сизге чын жүрөктөн куттуктоо сөздөрүн жана чын ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстандын өкмөтүнө жана боордош элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз», — деп айтылат куттуктоо катында.

Сауд Арабиянын Мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд да куттуктоо жолдоду.

Пикир

Оставить комментарий