Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 ишеним телефонуна Казакстандын жаранынан бул өлкөнүн жараны болгон бала үчүн ММК полисин кантип алуу керектиги тууралуу суроо келип түшкөн.
ММК фонду Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алуу боюнча этап-этабы менен көрсөтмөлөрдү берди:
1. 18 жашка чейинка бардык балдар үчүн идентификациялык жеке номерин алуу:
- Калкты тейлөө борборуна (КТБ) документтери менен (баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (эгерде ага паспорт берилген болсо да), ата- энесинин бирөөсүнүн паспортунун копиясы).
2. ММК полисин сатып алуу:
- полисти чет өлкөлүк жаранга саткан баа боюнча (12 айга 11 910, 6 айга 5 955 сом) мобилдик тиркеме (МБанк, Меgа Pay) аркылуу же терминалдарда (Pay 24 Quickpay, ж.б.), ошондой эле банктардан сатып алса болот .
- полисти мобилдик тиркеме (МБанк, Меgа Pay) же терминалдарда (Pay 24 Quickpay, Оңой ж.б.), ошондой эле банктарда чет өлкөлүк жаранга саткан наркы боюнча (12 айга 11 910сом, 6 айга – 5 955 сом) сатып алса болот.
3. Үй-бүлөлүк медициналык борборунда баланы каттоо:
- медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жана жеңилдетилген дары-дармек каражаттарына карата жеткиликтүүлүктү алуу үчүн баланы Үй-бүлөлүк медициналык борборунда каттоо.
Полис таризделгенден кийин 5 календарлык күндөн тартып иштей баштаарына көңүл буруңуздар.
Полисти сатып алгандан кийин камсыздандырылган статусу ыйгарылат жана бала Үй-бүлөлүк медициналык борборунда да, мамлекеттик стационарларда да амбулатордук деңгээлде медициналык кызмат көрсөтүүлөргө укуктуу, ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жеңилдетилген дары-дармектерге жетүү укугуна ээ болот.
Кошумча суроолоруңуз болсо, толук маалымат алуу үчүн ММК фондунун 113 ишеним телефонуна кайрылсаңыз болот.
Маалымат үчүн: 16 жашка чейинки камсыздандырылган балдарга, анын ичинде 18 жашка чейинки окуучуларга ҮМБда акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде жеңилдетилген дары-дармектер 50%га чейин арзандатуу менен берилет.
Ооруканаларга пландык госпиталдаштырууда 6 жашка чейинки балдарга медициналык кызмат көрсөтүлөр акысыз. 6 жашта 16 жашка чейинки балдарга, анын ичинде 18 жашка чейинки окуучуларга орто деңгээлдеги кошумча төлөм төлөшөт.
Пикир
Оставить комментарий