Чет жакта билим алууну каалагандар үчүн эртең билим жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Эртең, 17-октябрда Бишкек шаарында EXPO 2019 аталышындагы эл аралык билим жарманкеси өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 17-октябрда саат 12:00дөн 18:00гө чейин Sheraton отелинде билим жарманкеси өткөрүлөт.

Иш-чарага Улуу Британия, АКШ, Канада, Швейцария, Голландия, Италия, Малайзия, Россия, Венгрия, Испания, Германия, Түркия жана Австралия өлкөлөрүндөгү мектеп, колледж, тилди үйрөтүүчү окуу жай, университеттин өкүлдөрү келет.

"Келген катышуучуларга санап өткөн өлкөлөрдүн билим берүү тармагында семинарлар өткөрүлөт. Ошондой эле, бакалавр же магистратура программасын тандоо жана тил курстарына жазылуу боюнча кеп-кеңештерди ала алат", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага катышуу үчүн https://expo2019.bitrix24.site/#block154 сайтына кирип, катталуу керектелет.

Пикир

Оставить комментарий