• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

"Четке какпайм, бирок ырастабайм дагы". Коргоо министри SAARA-02 учкучсуз аппарат тууралуу

Коом 0

Бишкек, 19.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов SAARA-02 учкучсуз аппарат тууралуу маалымат берди.

Эскерте кетсек, буга чейин интернет тармагында Кыргызстанда алгачкы жолу SAARA-02 аталышындагы учкучсуз аппарат чогултулганы айтылып, анын видеосу тараган. Маалыматта SAARA-02 эки жыл аралыгында куралып, Баткенде текшерүүдөн өткөнү жазылган.

“Учкучсуз аппараттарды биз бүгүнкү күндө жапырт кыргын салуучу курал катары көрбөйбүз. Аны үй шартында жер төлөөлөрдө деле балдар жасап жатат. Андайлар Кыргызстандын ичинде көп. Мүмкүн жасалып жаткандыр. Ага бир камуфляждык өң берип, учуруп койсо... андай болгондур. Биз кайсы жакта эмне кылып жатканыбыздын баарын айта албайм. Мен аскер адамымын, мамлекеттик сыр деген болот”, - дейт ал.

Бекболотов Кыргызстан учкучсуз аппаратты чогултканы тууралуу маалыматты четке кагып, бирок ошол эле учурда ырастабай турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий