• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Чоң-Алай районунда жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 12.02.22. /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинни басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-февралда саат 08:05те Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кулчу, Жар-Башы, Чак, Жар-Тилек айылдарында - 3 балл, Шибээ айылында - 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий