• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чоң-Алайда 8 жаштагы бала сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Чоң-Алайда 8 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Тейит айылынан өткөн Ак-Суу дарыясына 2015-жылы туулган А.У. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында 5 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 50 адам, Ички иштер министрлигинен 15 кызматкер тартылган. Анын натыйжасында куткаруучулар тарабынан өспүрүмдүн сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий