• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Чоң-Алайдагы мөңгүдөн түшүп келе жаткан россиялык турист бутун сындырып алган — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Россиялык турист Чоң-Алайдагы мөңгүдөн түшүп келе жатып бутун сындырып алган. Куткаруучулар жолдо бара жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, 7-август күнү Россиядан келген 6 турист Чоң-Алай районундагы Түндүк Кымыздык мөңгүсүнө эс алганы барышкан.

"Мөңгүдөн түшүп келе жатып 31 жаштагы Р.Л. аттуу жаран бутун сындырып алган. Алар жардам сурап куткаруучуларга кайрылышкан", - деп билдиришти министрликтен.

Кечээ, 16:10до 7 куткаруу жолго чыгып, саат 22:10до Карамык айылына жетип, ошол жерде түнөп калышкан.

Бүгүн туристти алып түшүү иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий