• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Чоң-Алайдагы Памирден келген этникалык кыргыздарга жардам берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. "Ыйман" фонду Падыша Салман фонду менен биргеликте Чоң-Алайда жашап жаткан Памирден көчүрүлүп келген этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди.

Фонддон билдиришкендей, анда ар бир үй-бүлөгө себетке салынган азык-түлүк топтому таратылды.

“Бизге мамлекет боор тартып, абдан жакшы жардам берүүдө. Турак жай менен камсыз кылды. Бизди кыргызстандыктар өгөйлөгөн жок, тескерисинче бооруна тартып, жардам берүүдө. Жолдун алыстыгына карабай, бизден кабар алып, азык-түлүк менен камсыз кылганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз”, - деди этникалык кыргыздар.

Жардам кербенин жеткирип барган фонддун өкүлдөрү кайрымдуулук – бул марттыктын бүтүндөй бир ааламы экенин белгилешти.

"Биз боордошторубузга кайдыгер карабайбыз. Ар дайым сиздердин ооруңарды колдон, жеңилиңерди жерден алып турабыз. Анткени сиздер биздин бир боорубузсуңар. Жүрөгүбүз сиздер менен", - деди "Ыйман" фондунун өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий