• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 5 жашар наристенин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Куткаруучулар Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 5 жашар наристенин сөөгүн табышты. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы туулган наристе ушул жылдын 10-август күнү Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Окуя Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсүндө орун алган.

Издөө иштерине жалпысынан 21 куткаруучу тартылып, наристенин сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий