• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Чоң Чүй каналына түшүп кетти делген 18 жаштагы кыз изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Бүгүн Чоң Чүй каналынан 18 жаштагы Ж.кызы А. изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, издеп-куткаруу иштерине ӨКМдин Ысык-Ата райондук бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылды. Буга кошумча анын жакындарынан 15 киши куткаруу иштерине чыгышты.

Эскерте кетсек, кечээ Кант шаарынын тургуну сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшүп, издөө иштерине 4 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана 4 тууганы чыккан. Издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес. Кошумча малымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий