Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Чоң Чүй каналынан 14 жаштагы өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-августта Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылынан А.А. аттуу 14 жаштагы бала сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары издөө ишине тартылып, натыйжа болгон эмес.
"Бүгүн, 26-август күнү издөө иштерине ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын өздүк курамынан 60 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 30 кызматкер жана туугандары издөө ишине тартылды", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий