• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Чоң Чүй каналынан 59 жаштагы адам изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Чоң Чүй каналынан 59 жаштагы адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 59 жаштагы М.А. аттуу жаран 20-октябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Кечээ, 31-октябрда аталган жарандын кызынын кайрылуу катынын негизинде жеринде издөө иши башталып, ӨКМдин 7 куткаруучусу тартылган.

Жакындарынын маалыматына ылайык, дайынсыз болгон жарандын уюлдук телефону Чоң Чүй каналы жактан өчүп калгандыгы аныкталган. Буга байланыштуу дайынсыз болгон адам Чоң Чүй каналынан изделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий