• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.05.23./Кабар/. Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

2017-жылы туулган Ш.С. аттуу бала Военно-Антоновка айылында каналга 8-май түшүп кеткен.

Издөө иштерине жалпысынан 16 куткаруучу, ИИМдин 2 кызматкери, туугандарынан 25 адам тартылган.

"Изделип жаткан баланын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан бүгүн саат 9:30да табылып, туугандарына өткөрүп берилди", – деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий