• 87
  • 90.41
  • 0.84

Чоңдорго караганда балдар аллергияга тез кабылат – дарыгер

Ден соолук 0

Бишкек, 24.10.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Чоң адамдарга караганда балдар аллергияга тез кабылат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде балдар дарыгери, аллерголог Майрам Кошукеева билдирди.

Анын айтымында, аллергиялык ринит жана астма бул күзүндө же жазында кармоочу мурундун бүтүшү, чүчкүрүү, көздөрдүн кызарышы жана жөтөл менен мүнөздөлгөн оору.

“Аллергия августта башталып, октябрдын аягына чейин аябай курч жүрөт. Көп учурда аллергиялык ринит жана астманын негизги себептеринин бири болуп өсүмдүктөрдүн чаңчалары саналат. Анткени, күзүндө көп өсүмдүктөр чаңчаларды чыгарат жана алар аллерген болуп эсептелгендиктен, аллергия ооруларын козгоп, көп катталуусуна алып келет. Андан кийинкиси күзүндө нымдуулук жогорулайт, аба кургаганы менен жалбырактар түшүп, ошол жалбырактардын астында көк пайда болот. Көгөрүү үйдүн ичинде да пайда болушу мүмкүн, ал дем алуу органдарына таасир берип аллергиялык ринит жана астма ооруларын себеби болот”, - Майрам Кошукеева.

Ошондой эле дарыгер кошумчалагандай, үйдө жылыткычтарды колдонууда чаңдар козголуп, көбүрөөк кыймылдап, адамдардын дем алуу органдарына көбүрөөк күч келтирип, аллергиялык оорулардын күчөшүнө алып келет.

Белгилей кетсек, аллергия организмдин иммундук системасынын белгилүү бир заттарга, башкача айтканда аллергендерге өтө күчтүү ченемсиз реакциясы болуп эсептелинет. Бул заттар ден соолукка зыянсыз болушу мүмкүн бирок, иммундук система аларды коркунуч катары кабыл алып аллергиялык реакция катары таасир берет.

Акыркы учурларда аллергиялык оорулардын көбөйүшүн адистер биринчиден тукум куучулук жана экологиялык факторлор менен байланыштырышат. Белгилүү болгондой, шаарларда абанын булганышы да аллергендердин таасирин күчөтүүдө. Андан тышкары, тамак-аш жана азыктардагы химиялык кошулмалар, боёктор, консерванттар, химиялык заттар аллергиялык оорулардын жаралышына алып келиши мүмкүн.

Аллерголог Майрам Кошукеева белгилегендей, чоңдорго караганда жаш балдар аллергиялык ооруларга тез кабылат, себеби жаш балдардын иммундук системасы алсыз жана толук жетиле элек болот.

“Мисалы иммундук система аллергенге реакция кылып жатканда, балдардын иммундук системасы башаламан түрдө реакция жүргүзөт да балдарда аллергия эрте пайда болуп, ал көп жылдарга чейин созулуп кетиши мүмкүн. Ал эми генетикалык, тукум-куучулук факторлор тууралуу айтсак, ата-энесинде аллергия болсо баласына ошол иммундук системадагы деффект берилет”,- деди дарыгер.

Тамак-ашка болгон аллергия балдар арасында кеңири таралган. Көбүнчө биз билген аллергендер бул - уйдун сүтү, жумуртка, буудай уну жана жаңгактар болушу мүмкүн. Аллергиялык оорулар негизинен денедеги тактардан баштап, дем алуу органдарынын кысылышына чейинки ар кандай белгилерди берет.

Пикир

Оставить комментарий