Чодуев: Быйыл айдоо аянттары былтыркыга караганда 2,3 миң гектарга көп болду

Коом 0

Бишкек, 03.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Айдоо аянттары былтыркыга караганда 2,3 миң гектарга көп болду. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы жазгы талаа иштери 1 млн 219 миң гектар жерде жүргүзүлүп жатат.

"Ал былтыркыга караганда 2,3 миң гектарга көп. Облустарда жазгы талаа иштери аяктоонун алдында турат. Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында дыйкандар буудай, арпаны себүүнү аяктады. Буудай, арпанын себилиши 96%га жетти. Ош облусунун Чоң Алай, Жалал-Абад облусунун Чаткал, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндө жана Нарын районунда гана иштер уланып жатат. Ал жердерде айдап-себүү иштери 15-майда бүтүп калат", - деди ал.

Чодуевдин айтымында, быйыл буудайдын айдоо аянты былтыркы жылга салыштырмалуу 6 миң гектарга көп болду.

"Коронавирустун таасиринен улам буудай аянттары көбөйүүдө. Ошондой эле башка азыктардын айдоо жерлери да көбөйдү. Алсак, жүгөрү 107 миң гектарга айдалып, ал иштер 74%га аяктап калды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий