• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чолпон-Ата шаарында эл аралык IT фестивалы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. 16-17-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий борборунда "Cyber Kөл" эл аралык IT фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргызпатент мекемесинен билдиришти.

Алгачкы жолу өтө турган эл аралык IT фестивалы Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азия масштабында да маалыматтык технологиялар тармагындагы эң көрүнүктүү иш-чаралардын бири болоору күтүлүүдө. Анын уникалдуулугу – IT адистеринин фестивалы катары өзгөчө форматында, ошондой эле бай программасында.

Иш-чара IT тармагындагы алдыңкы адистердин, инвесторлордун, студенттердин жана энтузиасттардын башын бириктирип, тажыйба алмашуу, соңку технологиялык жетишкендиктерди көрсөтүү, стартаптарды, жаңы өндүрүштөрдү, бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ортого салуу жана жаңы өнөктөштүк байланыштарды калыптандырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Фестиваль Кыргызпатент, Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденция, Жогорку технологиялар паркы, Кыргызстандын биргелешкен технологиясынын борбору жана Adm Marketing агенттиги менен биргеликте уюштурулууда.

Иш-чаранын максаты – аймактагы санариптик трансформацияны тездетүү, технологиялык өнүккөн өлкө катары Кыргызстандын аброюн жогорулатуу жана эл аралык инвесторлордун көңүлүн буруу.

Иш-чарага катышууга байланышкан суроолор боюнча 0(999)-717-888 номери аркылуу байланышса болот.

Пикир

Оставить комментарий