• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча дүйнө кубогу өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Бүгүн, 15-августа Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" спорт комплексинде самбо боюнча дүйнө кубогу башталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке 14 мамлекеттен келген 250дөн ашык спортчу катышууда.

Килемде спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 71, 88, +98 кг салмакта, күжүрмөн самбо боюнча 64, 79, 98 кг салмакта жана кыз-келиндер арасында спорттук самбо боюнча 54, 59,72, 80 кг чейинки салмакта категорияларында беттештер өтөт.

Бүгүн чыга турган улуттук курамдын тизмеси:

Спорттук самбо (кыз-келиндер арасында):

- 54 кг Акак Үсөн кызы, Аяна Рыскулбекова;

- 59 кг Аида Асанбекова, Улара Карыпбекова;

- 72 кг Динара Камчибекова, Адинай Алмазова

- 80 кг Назима Амантурова,

Спорттук самбо (эркектер арасында):

- 58 кг Камил Оболбеков, Сандар Марип уулу

- 71 кг Алай Сартов, Олжобай Күйкөнов;

- 88 кг Жамалбек Асылбек уулу, Фарух Мамаджанов;

- +98 кг Бекболот Токтогонов, Нуртилек Рысбеков.

Күжүрмөн самбо (эркектер арасында):

- 64 кг Саяк Бараканов, Исланбек Өмүржан уулу;

- 79 кг Элзар Орозалиев, Вахап Абдуллаев;

- 98 кг Нурсултан Тайлаков, Кошаалы Назаркулов.

Эске салсак салсак, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана Ильгиз

Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Пикир

Оставить комментарий