• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча дүйнө кубогу өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. 15-16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча дүйнө кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке 14 мамлекттен келген 250дөн ашык спортчу катышат. Кыргызстандын атынан спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча жалпы 39 спортчу өлкө намысын коргойт.

Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Курама команданны тизмеси:

Спорттук самбо (кыз-келиндер арасында):

- 50 кг Канышай Аманкулова, Айзада Жаналиева;
- 54 кг Акак Үсөн кызы, Аяна Рыскулбекова;
- 59 кг Улара Рыскулбекова, Аида Асанбекова;
- 72 кг Динара Камчибекова, Адинай Алмазбекова;
- 80 кг Назима Амантурова.

Күжүрмөн самбо (кыз-келиндер арасында):

- 54 кг Акак Үсөн кызы, Аяна Рыскулбекова;
- 59 кг Бегимай Акбалаева;
- 72 кг Мээримай Нурадилова.

Спорттук самбо (эркектер арасында):

- 58 кг Камил Оболбеков, Санжар Марип уулу;
- 64 кг Бексултан Бердибеков, Адилет Кубаныс уулу;
- 71 кг Алай Сартов, Олжобай Күйкөнов;
- 79 кг Айдос Алиев, Байэл Жакшылыков;
- 88 кг Жамалбек Асылбеков,Фарух Мамаджанов;
- 98 кг Артур Сансызбеков, Шахрер Идиров;
- +98 кг Бекболот Токтогонов, Нуртилек Рысбеков.

Күжүрмөн самбо (эркектер арасында);

- 58 кг Даниэл Асеков, Мурзабек Үсөн уулу;
- 64 кг Саяк Бараканов, Исланбек Өмүржан уулу;
- 71 кг Курманбек Замирбек уулу, Шерзат Кудбайбердиев;
- 79 кг Элхан Орозалиев, Вахап Абдуллаев;
- 88 кг Бектен Эркебай уулу, Бектур Идирисов;
- 98 кг Нурсултан Тайлаков, Кошаалы Наразркулов;
- +98 кг Талас Нуралиев, Эмилбек Расулов.

Пикир

Оставить комментарий