• 87
  • 90.43
  • 0.88

Чолпон-Атадагы "Алтын балалык" комплексинин аймагына жашыл карагайлар жана кайыңдар отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын балалык" медико-реабилитациялык комплексинин аймагында бейтаптар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана коргоо режимин сактоо максатында аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери, Улуттук жана республикалык саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери, ошондой эле областтык саламаттыкты сактоо координаторлору, республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты.

Медицина кызматкерлери ар бир облустун атынан ак кайыңдар аллеясын отургузуп, медициналык реабилитациялык комплекстин башкы аллеясына көк карагайлар, арчалар отургузулду.

"Ачылгандан бери 7 бейтапка операция жасалып, жүрөк-кан тамыр оорулары бар 70тен ашык бейтап консультация алган борбордогу инновациялык кардиохирургия борборунун, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун соматикалык бөлүмүнүн жана гинекологиялык оорулар менен ооруган аялдарды кабыл алып, консультация берип турган КРнын Адамдын репродукциясы боюнча илимий борборунун консультациялык-диагностикалык бөлүмүнүн иши менен таанышып чыгышты", - деп айтылат маалыматта.

"Баарыбызга белгилүү болгондой, президент Садыр Жапаров менен министр Алымкадыр Бейшеналиевдин демилгеси менен «Алтын балалык» медициналык реабилитациялык борборун реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Кыргызстандын бардык саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери бул демилгени колдоп, бүгүн бардыгы болуп 500гө жакын кайың жана ийне жалбырактуу дарактарды отургуздук. Бул борбордун бейтаптарынын ден соолугуна кам көрүү гана эмес, биздин кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн жаратылышына кам көрүү", - дейт Ноокат ЖДПБнын директору Асамидин Марипов.

Ал эми Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев абдан жакшы жөрөлгө иш болуп жатат деп белгиледи.

"Бүгүнкү күндө "Алтын балалык" медико-реабилитациялык комплексин оңдоп түздөө менен эле чектелип калбастан, айлана-тегерегин көрктөндүрүп, жашылдандыралы деп келип отурабыз. Келечекте бул борбор Кыргызстандан эле эмес, башка чет мамлекеттен да ден соолугун калыбына келтирүү үчүн келген бейтаптарга кызмат көрсөтүүчү борборго айланат деп ишенем. Ал эми бүгүнкү отургузулган көчөттөр чоң сейил бакка айланып, бейтаптарга жакшы өбөлгө түзөт", - деди Аалиев.

Эскерте кетсек, Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги климаттык жана бальнеологиялык шарттарды эске алуу менен "Алтын балалык" медициналык реабилитациялык борборун ишке киргизүү чечими кабыл алынган. Бул үчүн ушул жылдын октябрь айында Министрлик финансылык каражат топтоо марафонун өткөргөн. Бүгүнкү күндө атайын эсепке 37,2 миллион сом түштү.

Пикир

Оставить комментарий