Чолпон-Ата шаарындагы эки көчө асфальт төшөөгө даярдалууда

Аймак 0


Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы С. Чекиров жана К.Кубатов көчөлөрүнө асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Жакында министр Тилек Текебаев Ысык-Көл жергесине жасаган жумушчу сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы оңдоо иштери жүрүп жаткан жолдордун курулушу менен таанышты.

Бүгүнкү күндө Чекиров (470 метр) жана ККубатов (440 метр) көчөлөрүндө асфальт төшөөгө даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Жерине тартылган атайын техникалардын жардамы менен жер жумуштары толук жыйынтыкталып, асфальт басуу иштери башталар алдында турат.

Министр тиешелүү жетекчилердин маалыматын уккан соң Чолпон-Ата шаарындагы ири паркка бара турчу жолдорду оңдоо иштерин өз убагында жана талапка ылайык бүтүрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий