• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Чолпон-Ата жана Анталья шаарларынын ортосунда боордоштук байланыш түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Чолпон-Ата жана Анталья шаарларынын ортосунда боордоштук байланыштарды орнотуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө жол ачат.

Протоколго Чолпон-Ата шаарынын мэри Данияр Сатаров менен Анталья шаарынын мэри Мухиттин Бөжек кол коюшту.

Данияр Сатаров көрсөтүлгөн меймандостугу үчүн анталиялык кесиптешине терең ыраазычылык билдирип, бул протокол эки элдин ортосундагы салттуу достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Ошондой эле жолгушууда шаарлардын ортосундагы кызматташтык туризмге жана инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция тартуу сыяктуу ар түрдүү тармактарда жаңы перспективаларды ачары айтылды.

Келечекте кызматташтыктын алкагында шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, Ысык-Көлдүн жээгиндеги зоналарды оңдоо, курулуш технологиялары жана экологиялык таза чечимдер боюнча тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, жолугушууда кыргыз тарап Чолпон-Ата шаарында туризм тармагында квалификациялуу кадрларды даярдоого жана билим берүү тармагындагы кызматташууну активдештирүүгө көмөк көрсөтүүчү Кыргыз-Түрк окуу борборун түзүү боюнча перспективдүү долбоорду сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий