Чолпон-Атада 3 миң батирлүү ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында жаңы көп фнукционалдуу турак жай комплексинин мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы үйлөр эски аэропорттун оордуна курулууда. Бул жерде 20 блоктон турган 5 кабат жана 56 блоктон турган 9 кабат үй курулуп батирлердин саны 3000ден ашат. Курулуш иштери этап этабы менен жүргүзүлөт.

Курулуштун сапаты президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө болуп тиешелүү мамлекеттик мекемелер да тынымсыз мониторинг кылып, курулушта иштетилип жаткан материалдар атайын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп турат.

Курулуш иштери аяктаганда батирлер кийин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында кезекте тургандарга ипотекага 4 жана 8 пайыздан 15 жана 25 жылдык мөөнөткө берилет.

Пикир

Оставить комментарий