• 87
  • 90.63
  • 0.79

Чолпон-Атада 60 млн сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарынын борборундагы Аскер комиссариатынын аймагында жайгашкан 60 млн сомдук кыймылсыз мүлк объектиси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө 2001-жылы Чолпон-Ата шаардык бириккен аскер комиссариатынын мурдагы аскер комиссары С.Э.Т. Чолпон-Ата шаарынын башкы архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Б.А.нын жардамында жубайы С.А.М. аттуу жарандын наамына Чолпон-Ата шаардык бириккен аскер комиссариатынын жанаша жайгашкан аймагын мыйзамсыз менчиктештирип, андан ары үчүнчү жактарга сатып жиберген.

Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкү фактылар аныкталды.

2001-жылдын 17-апрелинде "Уюмдарда жана ишканаларда иштеген жарандарга жеке курулуш үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү" жөнүндө Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын № 94-Р буйругу менен С.А.М. аттуу жаранга 800 м2 (8 сотых) жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Андан ары, С.А.М. "Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын 2005-жылдын 1-февралындагы №28 "Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө" токтомунун негизинде Чолпон-Ата шаарындагы Советская №30/1 көчөсүндөгү жер тилкесине Мамлекеттик Акт алган жана бул укук кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде Ысык-Көл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында 2005-жылдын 17-июнунда №11783 (2-03-05-0018-0992- идентификациялык коду менен) катталган.

Натыйжада С.А.М. аттуу жаран 2007-жылдын 17-октябрында КР жараны П.А.А. менен алдын ала келишим түзүп, курулуп бүтө элек объектилери менен аталган жер участогун 80 миң АКШ долларына саткан. Ал эми П.А.А. "Тет-а-Тет" кафесин курган.

Андан соң П.A.A. 2022-жылдын 16-сентябрында "Тет-а-Тет" кафесин Кыргызстандын жараны Х.В.В.га сатып жиберген.

Тергөө жана комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Чолпон-Ата шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери Акт түзүшкөн, мында 2001-жылдагы 17-ноябрдагы №4 жер комиссиясынын отурумунун протоколу архивде жок, ал эми 94-Р Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын 2001-жылдагы 17-ноябрданы эки түрдүү буйругу бир эле санда бар, бул көрсөтүлгөн документтин жараксыздыгын тастыктайт.

Азыркы учурда Х.В.В. аттуу жаран базар баасы 60 млн сомдук аталган объектти мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарып берди.

Пикир

Оставить комментарий