• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Чолпон-Атада гиря көтөрүү боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында гиря көтөрүү боюнча өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты өтүүдө.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке 13 мамлекеттен келген 350дөн ашык спортчу катышууда.

Чемпионаттын биринчи күнүндө +95 кг салмакта Ислам Нарынбеков 1-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, мелдеш 25-августта жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий