Чолпон-Атада IITF-2024 Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмөсү өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 08.06.24. /Кабар/. Чолпон-Атада IITF-2024 Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага туристтик компаниялардын 300дөн ашык өкүлдөрү жана 3 миңден ашуун адам келди.

Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышуу үчүн 120дан ашык туроператорлор, пансионаттар, конок үйлөрү, анын ичинде Түркия, Кытай жана Венгриядагы стенддер катталып, көргөзмө аянтын сатып алышты.

Иш-чарада экономика жана соода министринин орун басары Санжар Болотов сөз сүйлөп, чогулгандарды 2024-жылдын жайкы туристтик сезонунун ачылышы менен куттуктап, бул көргөзмө Кыргызстандын, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин туризм тармагынын мыкты өкүлдөрүн чогултуп жатканын белгиледи.

"Иш-чара тажрыйба алмашууга, бизнес байланыштарды түзүүгө жана туризмдин акыркы тенденциялары менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий