Чолпон-Атада селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө, деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Сел сууларын тазалоого ӨКМдин 25 куткаруучусу, Жарандык коргонуу кызматынан 25 кызматкер, жергиликтүү бийликтен жана тургундардан 35 адам, атайын техникалар тартылган.

Белгилей кетсек, 20-сентябрда нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көл районунда катуу сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптаган.

Пикир

Оставить комментарий