• 87
  • 90.41
  • 0.84

Чолпон-Атадагы "Алыкул Осмонов" атындагы паркты капиталдык оӊдоодон өткөрүү пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. Кечээ, 18-фералда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алыкул Осмонов" атындагы паркты капиталдык оӊдоп-түзөө максатында отурум болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, отурумга Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.Жумадылов жана анын биринчи орун басары Д.Акматова, «Ысык-Көл районун өнүктүрүү» фондунун директору Д.Абырбеков, Чолпон-Ата шаарынын мэри Б.Иманбеков жана Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмоновдун үй музейинин негиздөөчүлөрүнүн бири Р.Борбукеева катышты.

Отурумда парктын эскиздик долбоору менен таанышып, долбоорду талкууга алып, паркты капиталдык оӊдоп-түзөө боюнча маселелер каралып, тиешелүү иштерди жүргүзүү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий