Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда "Ак куу көлү" балети тартууланууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера балет теарынын чыгармачыл труппасы 1- августтан бери П.И.Чайковскийдин "Ак куу көлү" балетин Чолпон-Ата шаарынын тургундарына жана эс алуучуларга тартуулап жатышат.
Балет башталган күндөн тарта аталган балетти барып көргөн кишилердин саны арбын.
Белгиленгендей, балет күн сайын саат 19:00дө башталууда. 10-август күнү жыйынтыкталат.
Пикир
Оставить комментарий