• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чолпон-Атадагы "Рух Ордо" этнокомплексине Ташкул Керексизовдун айкели тургузулду

Маданият 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" этнокомплексинде мамлекеттик жана коомдук ишмер, меценат Ташкул Керексизовдун эстелигинин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу презизиденттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси, Урал монументалдык искусство борборунун президенти, “Скульпторлор өрөөнүнүн” негиздөөчүсү Дубровин Иван, ошондой эле замандаштары, коомдук ишмерлер жана Керексизовдун үй-бүлөсү, жакындары катышты.

Иш-чарада Ташкул Керексизовдун басып өткөн жолу, калтырып кеткен эмгектери эскерилди.

Эскерте кетсек, эстелик Урал монументалдык искусство борборунун президентинин демилгеси менен биргеликте алынып келинген.

Ташкул Керексизов 1948-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин "Товар изилдөө" адистиги менен аяктаган. 1996-жылы Кыргызстан Кооперативдер бирлигин жетектеген. 1996-1997-жылдары Талас облусун башкарган. Андан кийинки жылдарда Салык кызматынын жетекчиси болгон.

1999-2000-жылдары Мамлекеттик мүлк фондун жетектеген, 2005-жылы үчүнчү чакырылыштагы парламентке депутат болуп шайланган. Ал Эл аралык көркөм академиясынын академиги, III даражадагы "Манас" орденинин ээси. Ысык-Көлдүн жээгинде "Рух Ордо" комплексинен тышкары "Аалам Ордо" маданий борборун негиздеген.

Меценат, коомдук ишмер Ташкул Керексизов 2021-жылдын 7-майында 73 жашында каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий