• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Чолпон Султанбекова UWW бюросунун мүчөсү болуп шайланды

Коом 0

Бишкек, 29.10.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) бюросуна мүчө болуп шайланды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине депутат өзү билдирди.

Жекшемби күнү Албаниянын Тирана шаарында Олимпиадалык эмес салмак категориялары боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында өткөн UWW Конгрессинде уюмдун бюро мүчөлөрүн жана вице-президенттерин шайлоо өттү.

Шайлоого 124 мамлекеттен талапкерлер катышып, Педро Силва, Питер Баска, Замел Аль Шахрани, Наталья Ярагина, Брюс Баумгартнер, Буянделгер Пелжээ жана Чолпон Султанбекова бюрого мүчө болуп шайланды. Жогоруда аталган талапкерлердин төртөө кайрадан шайланды, анткени алардын мөөнөтү бүтө элек болгон. Белгилей кетсек, мүчөлөр 6 жылдык мөөнөт менен шайланат.

Ал эми Родика Якси жана Фуад Мескоут вице-президенттикке жаңыдан шайланышса, Михаил Мамашвили, Наталья Ярагина, Теодорос Хамакос жана Ахролджан Рузиевдер кайрадан вице-президенттик кызматты ээледи.

Ошондой эле Стэн Жиеджич UWW бюросунун ардактуу вице-президенти болду.

Пикир

Оставить комментарий