• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Чолпонкул Арабаев: Сот тутумундагы реформа адилеттүүлүккө жетүү максатында жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров башында турган бийлик өлкөдө адилеттүү сот тутумуна жетүү үчүн көп иштерди жасап жатат. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине академик Чолпонкул Арабаев билдирди.

Анын айтымында, президент Жапаровдун сот тутумунун өкүлдөрү менен акыркы жолугушуусунда “Адилет сот тутуму” жана ага жетүүнүн жол-жобосу талкуунун башкы темасы болду.

“Маалым болгондой, өлкөдө сотторго ишеним төмөндөп жатканы байкалууда. Бул биринчи кезекте соттун адилетсиздигине байланыштуу. Муну түшүнгөн мамлекет жетекчилиги бүгүнкү күндө сот реформасын активдүү жүргүзүүдө. Азыр алардын айлык акысын көтөрүштү. Ишти бөлүштүрүүдө автоматташтыруу активдүү колдонулуп жатат. Буга чейин соттордун ортосундагы иштер туура эмес бөлүштүрүлүп келген. Муну менен катар, сотторду ротациялоо сыяктуу натыйжалуу рычаг колдонулууда. Бул бир катар көйгөйлөрдөн арылууга жол ачат. Маселен, сот бир аймакта көптөн бери иштеп жүрүп, акыры ал жактан тааныштарга ээ болот, байланыш түзөт жана мунун баары, албетте, ишти кароодо анын көз карандысыздыгына түздөн-түз таасирин тийгизет. Бул жагынан алып караганда, ротация адилеттүү калыстыкка жетүү үчүн абдан натыйжалуу”, - дейт ал.

Арабаев сөзүнүн соңунда бүгүнкү күндө сот тутумун реформалоо үчүн көп иштер жасалганын белгиледи. “Садыр Жапаровдун бул демилгесин карапайым эл дагы колдоп жатат”, - деди академик.

Пикир

Оставить комментарий