• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чуңкурчак жайлоосунда 300дөн ашуун боз үй тигилди

Коом 0

Бишкек, 31.08.22. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү жана Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында 300дөн ашуун боз үй тигилди. Бул тууралуу агенттикке маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында капчыгайда боз үйлөрдүн этношаарчасы уюштурулган.

Мындан сырткары, ат чабыш, фестиваль жана улуттук оюндардын 15 түрү боюнча мелдештер өттү.

Жалпысынан иш-чарага 10 миңдей адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий