• 87
  • 90.63
  • 0.79

Чуңкурчактагы жабыркаган жаран дарыгерлерге өткөрүлүп берилди

Коом 0

Бишкек, 03.01.25. /Кабар/. Чуңкурчактагы жабыркаган жаран дарыгерлерге өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Чуңкурчак" тоо лыжа базасында 1983-жылы туулган И.А. аттуу эркек киши жана 2019-жылы туулган С. кызы А. баллон менен муз тээп жатып, чуңкурга түшүп кеткен.

Натыйжада жабыркаган И.А. аттуу эркек киши куткаруучулар жерине жеткиче эс алуучулар тарабынан чуңкурдан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Ал эми кыз жеңил жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий