Чукул билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан катуу шамалга байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууга чакырат.

Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз “112” кызматына чалып, жардам сураңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий