Чукул кабар! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Коом 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бүгүн саат 18:00дөн кечки саат 21:00гө чейин жана түнкүсүн катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.

Пикир

Оставить комментарий