• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чукул кырдаалдан жабыркаган калкка медициналык кызмат көрсөтүү маселелерине багытталган мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 2 - июндагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Эл аралык чукул жардам жөнүндө”, “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө”, “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндөгү” мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралды.

Түзөтүүлөрдү камтыган жаңы мыйзам долбоору боюнча демилгечи депутаттардын бири Бахадыр Сулейманов баяндама жасады.

Анын айтымында мыйзам долбоору дары - дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен гуманитардык көмөктөшүү, ошондой эле чукул кырдаалдан жабыркаган калкка медициналык кызмат көрсөтүү маселелеринде укуктук кемтиктердин ордун толтуруу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Максат Сабиров мыйзам долбоору учурдагы пандемия маалында өтө керек экендигин белгилеп, медициналык дары-дармектердин жана коргонуучу санитардык - гигиеналык каражаттардын наркы кымбаттап жатканын жүйө келтирди.

Ал эми депутат Закир Шарапов да сунушту колдодy.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий