Ташкент, 21.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жалпы адамзаттык көйгөйлөрдү камтыган, анткени анын адабий мурасы жалаң кыргыз элинин гана эмес, жалпы дүйнө элдеринин, түрк ааламынын, ошондой эле бүгүн биз менен чогуу залкар кыргыз жазуучусунун туулган күнүн белгилеп жаткан боордош өзбек калкынын да руханий байлыгы, сыймыгы болуп саналат. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин кеңешчиси Бакыт Асангул күн мурун Ташкентте өткөн "Чыңгыз Айтматов: адабий мурастардагы, философиялык жана саясий көз караштардагы доорлордун жана маданияттардын гармониясы" аттуу чыгармачылык кечесинин алкагында “Кабар” агенттигине берген чакан маегинде билдирди.
Анын айтымында, чыгарманы окуганда анда чагылдырылган тагдырларды ар бирибиз өз ички дүйнөбүздөн өткөрүп, каармандардын турмушу менен жер жарылчудай ичтен титиреп, кээ бир учурда кейип-кепчип жашайбыз. “Айтматов тарткан сүрөттөн, Айтматов баяндаган турмуштан өзүбүздү таап, аруу сезимге чулганып, улуу сүйүүгө кабылып, ошонун таасиринен тазаланабыз. Биз аны өзүбүзгө жакын, дүйнөбүздүн бир бөлүгү, жакыныбыз, досубуздай көрөбүз. Кайрадан окуп, жаңыдан ошол оттуу сезимдерге көкүрөктү тосуп, катмарлуу терең ойлорго чулгангыбыз келет. Улуу, зор күчкө арбаган, эч кимди кайдыгер калтырбаган Айтматовдун ааламынын тереңдиги, бийиктиги ушунда”, - деди ал.
Дипломаттын баамында, Ч. Айтматовдун чыгармаларынын хронологиясы – бүтүндөй чоң трагедиянын туюндусу сыяктуу. Ошол өздүк тагдырды, трагедияны чагылдыруу менен глобалдуу бүтүндөй дүйнөнүн маселесине, көйгөйүнө чырмап, ар ким өзүнүн жаны менен сезе тургандай баяндоонун өзү гениалдуулук.
"Эгер жараткан табиятынан өзгөчө сезе билген жөндөмдү, бөтөнчө, каршылыктарга чырмалган тагдырды бербесе, жарыктыктын көркүн, маанисин, арман-көйүн көркөм сөз менен чагылдырайын деген каалоо, муктаждык болбосо балким Айтматов да Айтматов болмок эмес", - дейт маектешибиз.
Б. Асангул улуу жазуучунун чыгармачылык жолуна токтолуп, тирүүлүктүн жаңыруусун белги кылган “Ак жаандан” баштап, сүйүү үчүн күрөшүүнү даңазалаган “Жамиля”, сабаттуулукка үндөгөн “Биринчи мугалим”, чийелешкен тагдырдын азабы болгон “Делбирим”, каргашалуу согуштун азап-тозогун, кесепетин, адамзатынын кайгысын, акыйкатка, аруулукка болгон умтулуусун, жашоого болгон сүйүүсүн чагылдырган “Бетме бет”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Ак кеме”, “Кыямат”, “Кылым карытар бир күн”, “Кассандра тамгасы”, “Тоолор кулаганда” чыгармаларын жаратып, жалпы инсаниятка баа жеткис руханий дөөлөттү мурас кылып калтырганын баса белгиледи.
“Анын ар бир чыгармасы биз жашаган турмуштун күзгүсү. Ал эми анын өзөгү аң-сезим, рух дүйнөсү, өмүр жана сүйүү. Айтматовдун ааламы ар качан маңкуртчулуктан качып күн сайын адам болуну, бизди тааныгандар болгон үчүн тирүү экендигибизди, өмүрдүн нагыз баркы, бактысы ишенимде, үмүттө, бирок адам качан болбосун жалгыз экендигин айтат. Биз дүйнөнү өзгөртсөк, дүйнө бизди өзгөртөрүн каңкуулайт. Адам баласы “Табият менен таттуу мамиледе болууну”, бу жарыктыкта айлана-чөйрө, жер, суу, планеталар ж.б. бардык тирүү жана жансыз нерселердин баары биригип бир бүтүндүк экендигин эскертип, тынчыкты, пейпилдикти ураан кылат”, - дейт ал.
Асангул белгилегендей, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары 174 тилге которулуп, 130га жакын өлкөдө басылып, чыгармаларынын негизинде 30га жакын тасма жарык көрүп, дүйнөнүн жүздөгөн театрларында спектаклдер коюлуп келиши бекеринен эмес . Азыркы күнгө чейин чыгармалары дүйнөдөгү эң көп басылып, эң көп окулат. Айтматовдун чыгармачылыгы 20-кылымда эле эмес, бүгүнкү күндө да искусствонун башка түрлөрүнүн өнүгүшүнө себеп болгону айтылууда.
"Айтматовдун чыгармаларына негизделген кандай гана искусствонун туюндусу болбосун, кайсы тилде айтылып, же окулбасын бүт дүйнө элдери биз аны өзүбүздүкү, бизге гана таандыктай туя алабыз. Бул анын улуулугунун, планетардык инсан, Айтматов экендигинин далили. Ушундан улам биз Айтматовду алигүнчө бүгүнкүдөй, жаныбызда тургандай, ар качан чогу жүргөндөй сезип, талкуулайбыз. Ал жалпыбыз үчүн улуу жазуучу эле эмес, чыныгы адамдыктын үлгүсү, нукура дипломат, кичинекей элдин, чакан айылдын турмушун чагылдыруу менен дүйнөнү таңданткан чоң философ, ойчул, көркөм дүйнөбүздүн досу, кеңешчиси десек болот", - деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Асангул.
Пикир
Оставить комментарий