Бишкек, 29.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 235-чакырымында (Ак-Көл тилкеси) Чычкан суусуна 5 жаштагы бала түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Министрликтен белгилешкендей, 28-август күнү издөө иштерине 61 куткаруучу, 10 милиция кызматкери жана туугандарынан 20 адам тартылган.
Баланын денеси саат 18:10дө табылган.
Пикир
Оставить комментарий