• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чычкан суусуна түшүп дайынсыз болгон эки адамдын биринин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 26.06.18./Кабар/. Бүгүн эртең менен Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 8 адам болгон, алты адамТоктогул райондук ооруканасына жеткирилген, экөө болсо дайынсыз жоголгон.

ӨКМден кабарлашкандай, унааны суудан чыгарганда 1 адамдын жансыз денеси унаанын ичинен табылган.

Учурда ӨКМ жана милиция кызматкерлери издөө иштерин улантышууда.

ӨКМдин маалыматы боюнча, айдоочу Токтогул районундагы Өрүктүү айылында унаа башкара албай калып, Чычкан суусуна түшүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий