• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Чыгыш-5 кичи районунун түштүк тарабында жылуулук берүү убактылуу токтотулду

Коом 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунун түштүк тарабында жылуулук берүү убактылуу токтотулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жылытуу системасына туташтырууда келип чыккан бузулууларды жоюу жана кошумча иштерди аткаруу зарылдыгына байланыштуу, авария жоюлганга чейин төмөнкү даректер боюнча жылуулук системасына кошуу токтотулду:

- Чыгыш-5 кичи районундагы 2/3, 3/3, 4/3, 5/3, 6/3, 7/3, 8/3, 13, 13/2, 17/2, 18/2, 10/4, 10/6, 10/7, 10/5 үйлөр;
- С. Кийизбаев көчөсүндөгү 89/1, 87, 33, 31, 22, 22/1 үйлөр;
- Армейский көчөсүндөгү 50/1 жана 10/3 имарат (жеке бала бакча жана мектеп).

"Адистер азыркы учурда бузулууларды жоюу үстүндө иштеп жатышат, жылуулук берүү кечки саат 8:00гө чейин калыбына келтирилет.Ошол эле учурда жогоруда аталган үйлөргө ысык суу берилип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктар бул жагдайды түшүнүү менен кабыл алат деген үмүттө.

Пикир

Оставить комментарий