Чыгыш автобекетиндеги жер астындагы өтмөк оңдолууда

Коом 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Мэриянын Свердлов райондук администрациясынан билдиришкендей Бишкектеги Чыгыш автобекетинин жанындагы жер алдындагы өтмөк оңдоп түзөөдөн өтүүдө.

Учурда андагы жагымсыз жытты кетирүү иштери аткарылып, “Бишкекасфальтсервис” ишканасы өтмөктүн дубалдарын шыбоо жумуштарын жасап жатат. “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы жер өтмөктүн сыртын жарыктандырды.

Жакынкы аралыкта тепкичтердин үстүнө бастырмалар орнотулат. Оңдоо иштерин эгемендүүлүк күнүнө бүткөрүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий