Балбан Мээрим Жуманазарованын машыктыруучусу Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту.
Федерациядан билдиришкендей, Изабеков 51-56 жаштагы балбандар арасында 100 кг салмакта күч сынашууда. Ал монголиялык, грециялык, латвиялык балбандарды жеңип финалга чыкты. Ал эми финалда Александр Руминге 2:0 эсебинде утулуп, 2-орунду ээлеп күмүш медаль тагынды.
Эске салсак,Турнир Хорватияда өтүп, ага 35 жаштан 60 жашка чейинки спортчулар катышууда..
Пикир
Оставить комментарий