Чынбаева КМШга мүчө мамлекеттердин Балдар укуктары боюнча комиссарларынын отурумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева КМШга мүчө-мамлекеттердин Балдардын укуктары боюнча комиссарларынын үчүнчү отурумуна катышты.

Иш-чара Россиянын Москва шаарында өтүп, ага КМШнын Аткаруу комитетинде Россиянын президентине караштуу Балдардын укуктары боюнча комиссары Мария Львова-Белованын төрагалыгы алдында КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев, Армениянын Балдардын укуктары боюнча комиссарлары (Омбудсмендери), Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, КМШнын Экономикалык кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин, КМШнын Экономикалык сотунун жана КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Асел Чынбаева «Жашы жете электердин киберкоопсуздугунун абалы, Кыргыз Республикасынын мектеп-интернатында балдарды тарбиялоо жана окутуу» темасында баяндама жасады.

Катышуучулар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын укуктарын, балдардын коопсуздугун камсыз кылуунун артыкчылыктуу багыты катары, анын ичинде зордук-зомбулуктан коргоо, ошондой эле ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды жарандык мамлекеттерге кайтаруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эмгек мигранттарынын балдарынын билимге, медицинага ж.б. укуктарынын корголушуна мониторинг жүргүзүү маселелери көтөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө КМШга мүчө-мамлекеттерде балдардын укуктарын коргоо боюнча иш-чараларды жана аракеттерди координациялоодо, тажрыйба алмашууда Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуулар комиссиясынын ишинин маанилүүлүгү белгиленди.

Иш-чаранын жыйынтыгында КМШга мүчө-мамлекеттердин Балдардын укуктары боюнча комиссарларынын төрагалыгын Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу органына өткөрүп берүү жана кийинки отурумдун ордун аныктоо чечими кабыл алынды.

Жумушчу сапарынын алкагында КР Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Бутово шаарындагы майыптарды комплекстүү реабилитациялоо борборунун иши менен да таанышты.

Пикир

Оставить комментарий