• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чыркырап ыйлап. Ленин районунун акими "Ош" базарынын аймагында соода кылган аялды кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев "Ош" базарынын аймагында соода кылган Алмакан аттуу аял (социалдык тармактардагы видеодо столдун үстүнөн түшпөй кыйкырып жаткан эже) менен жолукту. Бул тууралуу маалымат Бишкек шаардык мэриясынын социалдык баракчасына жарыяланды.

Маалым болгондой, жолугушууда Алмакан эже Ленин районун тургуну экени, шаар ичинде туруктуу каттоосу жана өздүгүн аныктоочу документтеринин жоктугу аныкталды.

Район башчысы соода кылган аялга Ленин районуна туруктуу каттого тургузууга, өздүгүн аныктоочу документтерин алууга жардам берерин жана мындан ары муниципалдык администрация социалдык жактан колдоо көрсөтөрүн билдирип, Ош базарынын ичинен соода орундарын сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий