• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Coca-Cola компаниясынын атасы каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 03.10.17. /Кабар/. “Coca-Cola Hellenic Bottling Company” ишканасынын башчысы Димитрис Лоис 2-октябрда каза болду,-деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

“Coca-Cola HBC бүгүн 2017-жылдын 2-октябрында компаниянын башчысы Димитрис Лоистин дүйнө салгандыгы тууралуу терең кайгыруу менен билдирет”,-деп айтылат маалыматта.

Сентябрь айында компаниядан Лоис ден соолугуна байланыштуу убактылуу кызматынан кете тургандыгын билдиришкен болчу.

“Димитристин өлүмүнө байланыштуу терең кайгыга баттык. Ал менен көп жылдар бою жеке иштешүү сыймык болчу”,-деп билдирген Coca-Cola HBC директорлор кеңешинин төрагасы Анастассис Дэвид.

Coca-Cola Hellenic – өз ишмердүүлүгүн 28 өлкөдө жүргүзүп келет.

Компанияда 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгы карата 29,6 миң иштей тургандыгы маалым болгон.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий