• 87
  • 90.41
  • 0.84

COVAX программасынын алкагында коронавируска каршы 1,2 млн кыргызстандык эмделет – Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. COVAX программасынын алкагында коронавируска каршы 1,2 млн кыргызстандык эмделет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына таянсак, бул өлкөнүн жалпы калктынын 20 пайызын түзөт.

"Учурда эмдөөнү этап-этабы менен жүргүзүү маселеси каралууда. Биринчи кезекте саламаттык сактоо тутумунда иштеген медицина кызматкерлери, андан кийин жумушуна байланыштуу тобокелдик тобуна кирген жана калкты тейлөө кызматын көрсөткөн адамдарды эмдөө пландалууда. Кыргызстан коронавируска каршы вакциналардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган глобалдык COVAX механизмине кошулган", - дейт Акматова.

Пикир

Оставить комментарий