Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 24 саатта 23 миң 629 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 миң 926 адам вакцинанын биринчи дозасын, 14 миң 703 адам экинчи дозасын алган.
Өлкөдө 595 миң 600ү биринчи доза менен, 277 миң 805и экинчи доза менен эмделген.
Пикир
Оставить комментарий